• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвадагы кыргыз мигранттары үчүн көп функционалдуу миграциялык борборунда өзүнчө кирүү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 19-февралынан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Москва шаарынын «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунда (ММБ) «2А» өзүнчө кирүү уюштурулду. Бул тууралуу Россиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул чара Кыргызстандын жарандарына узун кезекти айланып өтүп, көп функционалдуу миграциялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо ж.б.) тез алууга жеңилдик берет.

Кыргыз тарап Россия тарабына маселени тез арада чечкени үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий