• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 19.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинде коло медаль утту.

Спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта турнирдин үчүнчү орунуна татыды. Ошондой эле Акжол Махмудов эртең, 20-февралда, коло байге үчүн күчүн сынайт.

Буга чейин Балбай Дордоков Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болсо, Тынар Шаршенбеков коло байгеге татыган.

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий