• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 20.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында 15-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну жандантуу керектиги белгиленип, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарда куткаруучулардын издөө-куткаруу, ыкчам чара көрүү аракеттерин жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле бул багытта конференция, семинарларды өткөрүү керектиги белгиленди.

Жолугушууда тараптар аталган багыттар боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу сунуштарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин компетенциясына тиешелүү гана маселелерди талкуулашты

Пикир

Оставить комментарий