• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” аэропортунда коюу туманга байланыштуу каттамдар кармалууда

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 30-декабрында коюу туман байкалууда.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, туманга байланыштуу бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.

Учурда Алматыдагы кошумча аэродромго Санкт-Петербургдан келген «Аэрофлот» авиакомпаниясынын 1 учагы конду. Ички каттамдар дагы кармалууда.

"Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» - 0 312 693109, «Ош» - 0 3222 90101.

Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз! Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!" - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий