• 88.68
  • 95
  • 0.95

Июнь айында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын июнь айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 21…23°, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15° жылуулуктан 17…22° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 30…35° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 21…26° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 19…21° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, күндүз 22…27° жылуулуктан 29…34° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-31 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 22…24°, тоо этектериндеги райондордо 18…20° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 12…17° жылуулуктан 18…23° жылуулукка чейин, күндүз 24…29° жылуулуктан 31…36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13° жылуулуктан 14…19° жылуулукка чейин, күндүз 20…25° жылуулуктан 27…32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (13-39 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-92 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12º жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 16…21° жылуулуктан 22…27° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 14…16º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 22…27° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (38-56 мм)

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 6…8º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 12…17° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (50-52 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 10…12° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн -3° суук…+2° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин, күндүз 12…17° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (40-42 мм).

Пикир

Оставить комментарий