• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Равшан Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин иши тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, апрель айында КР президенти Садыр Жапаров “КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Сабиров белгилегендей, ушул жарлык менен улуттук агенттиктин жоболору бекитилет, анда агенттик барынан мурда бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган катары көрсөтүлгөн.

“Мындан тышкары, жободо инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө “Бирдиктүү терезе” принцибин жайылтуу тууралуу айтылган. Ошентип, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын координациялоо менен Инвестициялар агенттиги инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун жана башка инвестициялык программаларды ишке ашырат. Эми инвесторлор эмес, “кагаздар” чуркайт.

Мындан тышкары, жогорудагы органдардын ар биринде инвестиция маселелери боюнча Инвестициялык агенттик менен өз ара аракеттенген ыйгарым укуктуу орун басарлар болот. Ушундай эле механизм башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүдө дагы каралган”, -деди Сабиров.

Ал ишмердүүлүктүн алдында адистердин квалификациясын көтөрүү жана даярдоо боюнча иш-чаралар жолго коюлганын, бул үчүн окуу материалдары иштелип чыгып, методикалык көрсөтмөлөр, окуу куралдары жана инвестициялык долбоорлор менен иштөө үчүн инструкциялар даярдалып жатканын, мындан тышкары инвестициялык пландык долбоору жана башкалар иштелип жатканын кошумчалады.

“Муну менен катар КРнын “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн толуктоолор иштеп чыгуу процесси жүрүп жатат. Инвестицияны баалоо боюнча токтом долбоору даярдалып, инвестицияны өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгууда жана инвестиция тартуу программасы кароодо турат”, - деди Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий