• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте былтыр миңден ашык жеңилдетилген типтеги объект түрттүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Бишкекте өткөн жылы 1 миңден ашык жеңилдетилген типтеги объект түрттүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу билдирди.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, 2017-жылы 1 миң 91 жеңилдетилген типтеги объект түрттүрүлгөн.

А.Сагындык уулу белгилегендей, 2017-жылдан тарта Бишкекте мыйзамсыз оъектилерди түрттүрүү иштери активдүү жүрүүдө. Ал үчүн мыйзамсыз салынган курулуштарды аныктоочу штаб ачылган.

“Былтыр 4 миңден ашык объект ордунан алынган, анын ичинде рекламалык щиттер, дарбазалар жана башкалар бар. Биз бул багытта иштөөнү улантабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий