• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропорту биринчи жолу өз каражатына эки учак сатып алды

Коом 0

Бишкек, 14.09.23./Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алды.

Өлкөнүн башкы аба майданынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, келишимге расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.

Келишимге кол коюуга «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты.

«Бул учактарды алуу Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет», – деп айтылат маалыматта.

De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи. Бул мезгил аралыгында Кыргызстандын мыйзамдарын эске алуу менен жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Учактарды алуу менен «МЭА» ААК социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет.

Пикир

Оставить комментарий