• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде "112" номерине коронавируска байланыштуу 70 чалуу түштү

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына бир сутка ичинде жалпы 5 миң 931 чалуу болсо, анын ичинен 70 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти.

Алсак, 2020-жылдын 11-август күнү өлкө боюнча 100 772 погондук метр унаа жолдор, 271 300 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. ӨКМ тарабынан жалпы 1 миң 933 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик тарабынан 350 кызматкер жана 37 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий