• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Куткаруучулар сууга чөгүп кеткен үч баланы издөө иштерин улантууда

Кырсык 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Куткаруучулар республиканын аймагында сууга чөгүп кеткен үч баланы издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Патрис Лумумба көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2015-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 10 куткаруучу тартылган. Азырынча эч кандай натыйжа жок. Издөө иштери бүгүн, 12-августта улантылат.

Андан тышкары, 7-август күнү Кочкор районундагы Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган, бирок натыйжа болгон эмес. Куткаруучулар издөө иштерин улантышат.

Ошондой эле 10-августта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 2010-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 8 куткаруучу тартылган. Азырынча эч кандай натыйжа жок, издөө иштери бүгүн улантылат.

Пикир

Оставить комментарий