• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СOVID-19: Нарын облусунда бейтаптардын саны кыскарып жатканы байкалууда

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Нарын облусунда СOVID-19 жана пневмония менен ооруп жаткан бейтаптардын саны кыскарып жатканы байкалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун облус жетекчисинин орун басары Жаркын Ибраева Нарын облустук бириктирилген ооруканасындагы илдеттен жабыркаган бейтаптар менен жолугуп, медициналык кызмат көрсөтүүнүн абалын, дары-дармектердин, медициналык жабдуулардын жетиштүүлүгүн көргөн.

""Кызыл зонага" Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алияскаров да кирип, бейтаптардын абалын көрүштү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасындагы жугуштуу оорулар жана неврология бөлүмдөрүндөгү "кызыл зонада" 38 адам дарыланууда. Алардын ичинде 6 адам коронавирус, 32 адам пневмония илдети менен катталган. Бөлүмдөрдөгү бейтаптарга 11 медицина кызматкери дарылоо жүргүзүүдө.

"Жолугушууда бейтаптар дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, арыз-даттануулары жок экенин, дары-дармектер жетиштүү экендигин айтышты. Күндөн-күнгө оору менен катталгандардын саны азаюуда. Ошол себептен күндүзгү стационарлардын саны убактылуу кыскарды", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча жалпы 1 миң 571 адам жугуштуу илдет менен катталса, анын 679у СOVID-19, 892си пневмония менен жабыркаган. 1 миң 398 адам оорудан айыгып, 76 адам тилекке каршы оорунун курмандыгы болушту. 97 адам дарыланууда.

Өкүлчүлүктөн өздүк гигиеналык эрежелерди так сактоо керектигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий