• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлек районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду айылындагы “Бурул эне” балдар бакчасынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, балдар бакчасынын ачылышына Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов, тиешелүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Район акими бала бакчанын ачылышы жакшы жетишкендик экенин айтып, бул аракеттер ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жогорулатууга салымы чоң болорун белгиледи.

Белгилей кетсек ,аталган мекеменин имаратынын курулуш иштери 2019-жылы башталган. Имарат 140 орунга ылайыкташкан. Жалпы сметасы 42 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, "Илек-Илек" ЖЧКсы курулуш кишин ишке ашырган. Азыркы күндө 315 балага 13 тарбиячы билим тарбия берүүдө.

Балдар бакчасы керектүү эмеректер жана жабдыктар менен толукталып, заманбап шартта бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий