• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмоктогу метан куюучу жайда мындан ары кезек күтүү болбойт

Коом 0


Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» компаниясы Токмок шаарынын четинде жайгашкан метан куюучу жайын толук реконструкциядан өткөрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынтыгында станциянын кубаттуулугу эки эсеге жогорулайт - мындан ары бир эле учурда 6 машинага метан куйса болот жана анын ылдамдыгы мурункугу караганда үч эсеге жогорулатылды. Бул жай жана күз мезгилиндеги чегине жеткен жумуш убактысында кезек күтүү маселесин чечкенге жардам бермекчи.

Эмнелер курулат жана жаңыртылат:

  • 32 жылдан бери иштетилип келе жаткан жабдуулар жаңыртылат. Бул газдын басымын кысуу жана кое берүү ылдамдыгын 3 эсеге жогорулатат. Компрессордук орнотмолор саатына 2000 куб өлчөмүндөгү газдын басымын кысат.
  • эки түтүктүү метан куюучу 3 колонкалары курулат. Жыйынтыгында 6 машина бир эле учурда метан куюу мүмкүнчүлүгүн алат;
  • метанды кое берүү автоматташтырылат. Газды эсепке алуу боюнча жаңы система орнотулду.
  • автоматтык түрдө кургатуучу тутуму орнотулат. Бул газдын сапатын жогорулатууга жардам берет – автомобилдин кубаттуулугу, кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтү жогорулайт жана чыгым азаят.

Метан менен жылына 50 000 сомго чейинки каражатты үнөмдөсө болот

Төмөнкү таблицада метанга өткөн айдоочу канча каражат үнөмдөй ала тургандыгы боюнча эсептөөлөр көрсөтүлгөн. Метан 92 бензинден 2,4 эсеге арзан: 100 чакырымга чыгымы 10 литрди түзгөн унаанын айдоочусу (күнүгө 33 чакырым жүрсө) жылына 47 725 сом каражат үнөмдөй алат.

Дагы кайсы жерде «Газпром Кыргызстан» компаниясынын май куюучу жайлары бар:

  1. Ленинское айылы, Алма-Ата 1/2;
  2. Васильев тракт көчөсүндөгү Достук айылы, Пригород айылынын ылдыйкы жагы;
  3. Кара-Балта шаары, Сосновка тарапка бурулган жолдо.

Метан тууралуу 3 кызыктуу факт:

  1. Метандын октан саны – 105;
  2. Метан – автомобиль отундарынын ичинен экологиялык эң таза отун болуп саналат. Бөлүнүп чыккан газдын курамында көө жана күкүрт кошулмалары жок. Бул абанын булганышын 9 эсеге азайтат;
  3. Метан бензин же дизелге караганда көмүр кычкыл газын 30%га төмөн бөлүп чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий