• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык кеңешмеси өттү — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 04.04.22./Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте президентиСадыр Жапаровдун катышуусунда социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө билим берүү, маданият жана социалдык коргоонун 309 миңдей кызматкерлеринин эмгек акыларын масштабдуу жогорулатуу тууралуу билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары билим берүү, маданият жана медицина кызматкерлери өлкө жетекчилигинин иш-аракеттерин колдоорун айтып, ошондой эле өздөрүнүн кесиптик тармагындагы абалды жакшыртуу боюнча каалоолорун билдиришти.

Социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык кеңешмесине Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле социалдык-маданий тармактын кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий