• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак отургузуу акциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багында 2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак отургузуу акциясы өтөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты - жыл сайын дүйнө жүзүндө 13 миллион адамдын өмүрүн алып кетүүчү экологиялык мүнөздөгү себептер тууралуу коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат.

"Бул күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин бардык каалоочулар бак отургуза алышат. Аталган акцияга ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР ИИМдин Баңгини мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Кызыл Ай коому, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору, Кыргызстандагы БУУ агенттиктеринин жана чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү/башчылары катышат", - деп айтылат маалыматта.

Акция учурунда каалоочулар АИВге экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин, кан басымды өлчөтүп, сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш алып, ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө жасата алышат.

Пикир

Оставить комментарий