• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда эсептөөлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонуу зарыл

Президент 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. «Тышкы инфляциялык факторлордун таасиринин күчөшүнүн шартында жана биздин экономикаларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында эсептөөлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонуу зарыл», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, видеоконференция форматындагы Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЕЭЖК) үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы азыркы кризис жана анын жалпы Биримдиктин экономикасына тийгизген терс таасири, анын ичинде жакырчылык деңгээлинин өсүшү, жумуш орундарынын кыскарышы жана өнүгүүдөгү ажырымдын артышы, албетте, интеграциялык бирикменин экономикасын туруктуу өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Бул үчүн биргелешкен аракеттер менен кооперациялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну колдоонун натыйжалуу механизмдерин ишке киргизүү керек.

Жалпысынан товарларды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жана экономикабызды өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизе турган логистикалык инфраструктураны жана бөлүштүрүү системаларын түзүү зарыл.

Ал мындай системалар соода, транспорт, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык жөнгө салуу, ошондой эле бажы көзөмөлү чөйрөлөрүндө заманбап санариптик кызматтар менен коштолушу кажет деп эсептейт.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы, мүчө-мамлекеттердин экономикасына кризистин таасирин күчөткөн жагдайлардын бири өз ара эсептешүүлөрдө чет элдик валютанын колдонулушу болуп жатканын айтты.

Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык комиссия Биримдик өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен бирге бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоого тийиш экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий