• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нургүл Бакирова чек ара чырынан жабыркап, ооруканада жаткандардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-майда КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку соттун төрайымы каргашалуу окуяда жаракат алган мекендештердин саламаттыгынан кабар алып, тез сакайып кетишин тиледи.

Ошондой эле төрайым жарадар болгон күч структураларынын бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ал-акбалын сурады.

Нургүл Бакирова Мекенди коргоодо тайманбас эрдик көрсөтүшкөн чек арачылардын каармандыгын, баатырдыгын баса белгиледи.

Жогорку соттун төрайымы дарыланып жаткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, КР Жогорку сотунун атынан акчалай жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий