• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Аскаров: Кыргызстан боюнча 12 миңге жакын обсервациялык орундар даяр турат

Коом 0

Бишкек, 23.04.20./Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн жалпы 11 миӊ 961 койка орундук даяр турат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде ӨКМ башчысы Замирбек Аскаров билдирди.

Ал маалымдагандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавируска каршы күрөшүү, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча күнү-түнү иштеп жатат. Президент, өкмөт жана коронавируска каршы Республикалык ыкчам штаб тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир топ тапшырмалар жана милдеттер коюлган.

"Бүгүнкү күндө ӨКМге эң оор милдеттер жана тапшырмалар коюлган, алар өз убагында аткарылууда. Бул - жарандарды жана сырттан келип жаткандарды обсервацияга жайгаштыруу. Аларды тамак-аш менен камсыз кылып, шарт түзүп берүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан Кыргызстан боюнча 11 миң 961 обсервациялык орундар даярдалган. Ошондой эле ӨКМ тарабынан талаа шартында дагы 3 миң 872 орундук даярдоо пландалууда", - дейт ал.

Министр кошумчалагандай, тамак-аш менен камсыздоо маселеси да ӨКМге жүктөлгөн. Учурда республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен обсервацияда жаткандар ысык-тамак аш-менен камсыз болушууда.

Пикир

Оставить комментарий