• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өгөй атанын жосунсуз аракети. Кыздар балдар үйүнө жайгаштырылды

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Өгөй атасы жосунсуз иш кылууга аракет кылган кыздар үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, Түп районунда бир жаран мас абалында өзүнүн жарандык никедеги аялынын кыздарына карата жосунсуз иш кылууга аракет кылган.

"Ал үй-бүлөдө үч кыз жана бир бала бар. Бүгүнкү күндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 4 баланын баардыгы үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Башкармалыктын балдарга толук кандуу тарбиялоого шарттарды түзүү жөнүндө эскертүүлөрүнө карабастан, энеси балдары үчүн кооптуу кырдаал жараткандыгын эске алып, ата-энелик укуктарынан ажыратуу/чектөө маселеси каралып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бул үй-бүлө Түп районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий