• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери 126 өзгөчө кырдаал катталды - ӨКМ

Коом 0


Бишкек, 28-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 126 өзгөчө кырдаал катталса, анын 93ү – кар көчкүсү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчисинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери 14 жер көчкү катталган.

“Салыштыруу иретинде айтсак, 2016-жылы жалпы 17 жер көчкү болсо, 2017-жылдын 3 айында эле 14ү катталды. Бул 70%га көп. Мындай кырдаал быйылкы кышта кар күтүлгөн ченемден 170-300 эсе көп жаагандыгына байланыштуу. Бүгүнкү күнү республикада 10 миң потенциалдуу кооптуу жер тилкеси бар, анын 4 миңи калк үчүн коркунуч жаратууда”, - деди ал.

Жалпысынан, жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдарда 61 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий