• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 861 адам, 18 техника тартылды

Коом 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 861 адам, 18 техника тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, анын ичинен ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда:

  • авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө;
  • ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 000м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
  • ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши толугу менен аяктады;
  • Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.

Жеринде мындан сырткары, жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 517кызматкер 10 техника курулуш компанияларынан 263 куруучу ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий