• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жыпариса Рысбекова балдар менен иштеген соцкызматкерлерди даярдоо жана жайылтуу боюнча жыйынга катышты

Коом 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган балдар менен иштеген социалдык кызматкерлерди даярдоо жана жайылтуу боюнча жыйынга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Кыргызстандын социалдык кызматкерлер ассоциациясынын төрагасы Эрик Орозалиев, жогорку окуу жайлардын социалдык иштер боюнча кафедра жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү, райондук жана шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйында балдар менен иштеген социалдык кызматкерлердин ролу, көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору, аталган социалдык кызматкерлерге квалификациялык талаптарды аныктоо, кадрларды даярдоону жакшыртуу системасын киргизүү жана алардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу маселелери талкууланды.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова өз сөзүндө балдар менен иштеген социалдык кызматкерлерди жайылтуу зарылдыгын белгилеп, бул кесипти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирин айтты. Айрыкча, социалдык кызматкерлердин, алардын ичинде өзгөчө балдар менен иштеген кызматкерлердин билимин дайыма өркүндөтүп туруу керектигине токтолду.

«Бүгүнкү күндө жайсыз үй-бүлөлөрдү жана социалдык жетимдерди аныктоо жана алдын алуу боюнча иштер жетиштүү деңгээлде натыйжалуу жүргүзүлбөй жатат. Бул үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү тар профилде чечүүдөн, ведомстволук чектөөлөрдөн жана ведомстволор аралык бөлүнүүдөн улам келип чыгууда. Учурда социалдык иштер боюнча билим берүүнү уюштурууда ырааттуулук жок болуп жатат», - деп баса белгиледи ал.

Анын айтымында, учурда социалдык кызматкерлерди окутуп, даярдоого шарттар түзүлгөн. Республика боюнча бул кесипке 6 жогорку окуу жайында окутулат, коммерциялык эмес уюмдар социалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин системасында үйдө жалгыз жашаган кары-картаңдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөткөн 900дөн ашык социалдык кызматкерлер иштейт.

Жыйындын жыйынтыгында балдар боюнча иштеген социалдык кызматкерлердин негизги милдеттери жана критерийлери, балдардын кызыкчылыгы үчүн бул кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштар аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий