• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-апрелден 27-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 295-300 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий