• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Циндао шаарларынын мектептери кызматташат

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкектин №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы менен Кытайдын Циндао шаарынын Синьхайванлу башталгыч мектебинин ортосунда интернационалдык достук жана кызматташтык мектебин түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кол коюу аземи онлайн өтүп, келишимге мектеп директорлору Чолпон Жунушева жана Чжан Ян кол коюшту.

Ошондой эле иш-чарага Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, билим берүү жана мектептердин бөлүм жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Кытайдын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Макулдашуунун максаты жаш муундарга билим берүү жана тарбиялоо боюнча билим берүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууда кызматташуу, ошондой эле маданият тармагындагы кызматташуу, билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу, тилдик байланышты өркүндөтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле руханий-адептик тарбиялоо жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү, ошондой эле узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

Ошондой эле мындай кызматташуу маалыматтык илимий-билим берүү чөйрөсүн жана өнөктөштүктү калыптандыруу боюнча жаңы идеяларды биргелешип иштеп чыгууда, Бишкек жана Циндао мектептеринин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда башаты болуп саналат

Пикир

Оставить комментарий