• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте чет элдик инвесторлордон $200 миң талап кылган шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар акча каражатын талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Х.С. аттуу чет элдик жаран арыз менен кайрылган.

Анда, 2023-жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейинки убакытта Н.Т. аттуу арыздануучунун таанышы "Ислам" жана "Фазиль" аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда, президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

2023-жылдын 16-сентябрында саат 21:00 чамасында Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, Х.С.ны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен.

2023-жылдын 17-сентябрында саат 20:30 чамасында Т.Н. Бишкекте жайгашкан кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң долларын талап кыла башташкан.

Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын BMW X7 үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылып, алынган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 24-сентябрында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, 2023-жылдын 25-сентябрында КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык 1978-жылы туулган Н.Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий