• 88.68
  • 95
  • 0.95

Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 18,4 миң метр балык уулоочу тор чыгарды

Коом 0


Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары бир нече күндөн бери Ысык-Көлдүн түбүн балык уулоочу торлордон тазалоодо.

Ведомствонун маалыматына караганда, Түп, Николаев, Таза булуңдарын жана Прежевальск пристанынан Койсары айылына чейинки 22 542, 77 гектар суу аянтынан 18 миң 400 метр балык уулоочу тор чыгарылды.

Эске салсак, президенттин жарлыгы менен Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши бир жыл мурун башталган.

Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды тазалап, 218 100 метр балык уулоочу тор чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий