• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы: Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда

Өкмөт 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жалпы жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстан боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылып, коллегиялык жыйындар өткөндүгүн айтты.

"Келерки жылдын пландары бекитилди. Жылдын 1-чейреги аяктады. Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүүнү сактап жатканын белгилегим келет. 2022-жылы ИДП 9% түздү, биз 2023-жылды 6,2% өсүү менен аяктадык. Номиналдуу ИДП: маселен 2020-жылы ИДП 639,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, ал 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жетти", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле пандемияга чейинки мезгилдеги эң оор мезгил дайыма 1-квартал болгонун эске салды. Каражаттын жетишсиздигинен жумуш өз убагында башталбай, көрсөткүчтөр төмөн бойдон калып келген.

“Бул биздин экономиканын акыркы жылдары калыптанып калган жана акырындап өнүгүп келе жаткан пост-ковид жана геосаясий кырдаалга ыңгайлашып жатканын далилдейт.Ошол эле учурда жалпы инфляция процесси 2023-жылы жыл башындагы 14,7%дан 7,3кө чейин төмөндөгөн, ал эми 2024-жылдын акырына карата көрсөткүчтөр 6,5%дан 5,5%га чейин болоору болжолдонууда.Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда”, – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий