• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Республиканын айрым аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Бүгүн, 4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Жергиликтүү калк жана мекемелер, ишканалар, уюмдар күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүсү зарыл”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий