• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Талас-Тараз жолунда кырсык катталып, айдоочу жабыркады

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Талас-Тараз унаа жолунун 65-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда болжол менен саат 04:00дөр чамасында “Лексус 470 LX” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМдин куткаруучулары барышып, жабыркаган айдоочуну унаадан чыгырышкан. Учурда айдоочунун абалы жакшы, ооруканага баруудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий