• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте үй тибиндеги үч бала бакча иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 01.06.23./Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, Кыргызстандын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы «Өкмөттүн акселераторлору» программасынын алкагында кезектеги үй тибиндеги бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты.

Ошондой эле иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары, Бишкек шаардык мэриясынын жана Биринчи май районунун администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле №1 Челлендж жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.

Балдар укуктары боюнча өкүл жана “Мамлекеттик акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартууну күчөтүү” №1 Челлендж тобунун жетекчиси өз сөзүндө балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул бактылуу жана дени сак келечектин пайдубалын түптөй тургандыгын айтып өттү.

Мындан тышкары, ал балдарды бала бакчага камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө аялдардын лидерлигин жана ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн да белгилеп өттү.

Асель Чынбаева 2023-жылдын 1-июнуна карата бул №1 Челленджди ишке ашыруунун алкагында үй тибиндеги 3 бала бакча эшигин ачканын билдирди.

Программанын негизги максаты – Президенттин “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгында белгиленген негизги чакырыктарга тездетилген жооп кайтаруу жана негизги милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин мобилизациялоо жана бириктирүү.

Пикир

Оставить комментарий