• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Кыргызстандык эки спортчу коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 01.06.23./Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эки кыргызстандык спортчу коло байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыров үчүнчү орунду ээлешти.

Махмудов мелдеште 97 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште кытайлык балбанды, коло байге үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Ал эми Дастан Кадыров мелдеште 63 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач Өзбекстандын спортчусунан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгенин ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий