• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокат районунда 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Ноокат районуна караштуу Арал айылында А.Усенбаева атындагы орто мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев жана ЖК депутаты, район жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Жантаев белгилегендей, өлкө башчы Садыр жапаровдун колдоосунун аркасында планга коюлган 100 мектептин 30уОш облусунда курулду.

"Балдарыбыздын билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүү менен билимге өзгөчө көңүл бурулуп, аймактарда көптөгөн жаңы мектептер ачылып жатат. Билим берүүнү эң жогорку деңгээлге көтөрүү жана келечектеги ийгиликтүү жаранды калыптандыруу үчүн мындан ары да жумуштар күчөтүлүп, быйыл дагы облуста 24 жаңы мектептин курулуш иштери жүргүзүлөт.

Жаңы мектептин жамаатына жана ушул жерден билим жолун басып өтүүчү окуучуларга ийгиликтерди каалайм", - деди ал.

А.Усенбаева атындагы орто мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордук-сметалык документери "АСК Система” ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Сметалык наркы 144 млн 944,5 миң сом, жалпы чыгымдары менен тендердик баасы 118 млн 195,6 миң сомду түздү.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун, спорт зал, отказандык курулуш жумуштары 100% аткарылган.

• объектинин жалпы аянты – 1242 м2;
• пайдалануучу аянты – 1575 м2;
• актовый зал 90 орундуу;
• отказандын көлөмү 170 кВт.

Пикир

Оставить комментарий