• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында IT борбору курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 03.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаарында IT борбору курула баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3 кабаттан турган заманбап жаштардын инновациялык технологиялар борборунун (IT) курулушу калаанын Жусуп Бакиев көчөсүндө жүрүп жатат.

Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен, 64 млн 500 миң сомго курулууда. IT борборду “Иверия” жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Анын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болуп калмакчы.

Пикир

Оставить комментарий