• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошко Өзбекстандын туркомпанияларынын өкүлдөрү келди, алар маданий жайларды кыдырат

Аймак 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Ош шаарына Өзбекстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү келди. Алар шаардагы маданий жайлар менен таанышат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн мэриянын имаратында Өзбекстандын туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анда Ош шаары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү шаарлар ортосунда туризм тармагында мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, аталган багытта ар тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу, туристтерди тартуу, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун алкагында коноктор тарабынан Өзбекстан өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, маданий, тарыхый, соода, кол өнөрчүлүк жана спорт жаатында инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, маалыматтык турдун алкагында келген туристтик компаниялардын өкүлдөрү Оштон кийин Жалал-Абадка сапар алышат.

Пикир

Оставить комментарий