• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев Малайзиянын ТИМ башчысын кабыл алды. Талкууланган маселелер

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп: “Сиздин Кыргызстанга жасаган алгачкы иш сапарыңыз мамлекеттер аралык байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин. Анткени, өз ара кызматташтыкты арттырууга багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө арбын” – деди. Анын ичинен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү башкы максат экенин айткан Нурланбек Шакиев жакынкы аралыкта биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

“Кыргызстанда таза органикалык жер-жемиштер өстүрүлөт. Муну менен катар адал индустрия тармагында да белгиленген эрежелер бекем сакталып, таза эт азыктары өндүрүлүп келет. Андыктан аларды Мазайзияга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн да караштыруубуз кажет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Ошондой эле баарлашуу маалында туризм жаатында да кызматташтыкты кеңейтүү маселесин көтөргөн Нурланбек Шакиев: “Төрт мезгилди бирдей камтыган Кыргызстандын кооз табияты туристтер үчүн өтө кызыктуу. Андыктан Малайзия мамлекетинин жарандарын да Ала-Тообузга мейман болуп кетүүгө чакырабыз. Бул үчүн тез арада түз аба каттамдарын ачуубуз керек”,– деди.

Мындан тышкары, алакаларды арттырууда парламенттердин да ролу чоң экенине токтолгон төрага: “Жакында эле Жогорку Кеңештин делегациясы Малайзияга иш сапары менен барып, кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Мындан ары да байланышты улантып, депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин жана парламенттердин Аппараттарынын ортосундагы өз ара тажрыйба алмашуу өнөктүгүн өрчүтүүбүз зарыл”, – деди.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир кооз табияты, меймандос эли жана уникалдуу маданияты менен айырмаланган Кыргызстанга алгач ирет келип жатканын белгилеп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

“Акыркы жолу Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга 2014-жылы келген. Андыктан кайрадан уюштурулуп жаткан иш сапар байланыштардын жаңы барагын ачат деген үмүттөмүн”, – деген Замбри Абдул Кадир көтөрүлгөн ар бир демилге маанилүү экенин айтып, Малайзия мамлекети да экономика, соода, туризм өңдүү артыкчылыктуу багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады. Муну менен катар тышкы иштер министри катары эки мамлекеттин байланышын өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий