• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө аймактын мыкты спортчуларына жана машыктыруучуларына сыйлыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева аймактын мыкты спортчуларына сыйлыктарды тапшырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, сыйлыктар Чүй облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган жыл жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында тапшырылды.

Иш-чарага Чүй облусунун көрүнүктүү спортчулары жана машыктыруучулары, анын ичинде Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев катышты.

Гүлмира Кыштобаева өз сөзүндө облус жетекчилиги спорттук инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. 2023-жылы спорт объектилеринин курулушуна 66 млн сом бөлүнүп, 14 жаңы спорттук курулма пайдаланууга берилгени айтылды.

Белгиленгендей, быйыл дагы жалпы баасы 79 млн сомго 11 спорт объектисин ачуу пландалып жатат. Бул сумманын 49 млн сому республикалык бюджеттен, ал эми 30 млн сому жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланмакчы.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары аймактагы спорт ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана жашоочулардын дене тарбия абалын жакшыртуу үчүн жаңы демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу менен аймактагы спортту өнүктүрүүнү улантуу ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий