• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында селге байланыштуу “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди

Кырсык 0


Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Нарын шаарына селге байланыштуу “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, кечээ саат 17:45тер чамасында катуу жааган жаандан улам шаарда сел жүргөн.

Анын жыйынтыгында 60тан ашык үйгө жана мечитке сел суулары кирген.

“Бүгүн шаарда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Шаардын вице-мэри оозеки түрдө “өзгөчө кырдаал” режимин киргизди. Кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий