• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу өрт өчүрүлдү, каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарынын Алай көчөсүнүн №35 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатынан чыккан өрт саат 15:34тө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок. Өрт чыккан аймактан 60ка жакын адам эвакуацияланган.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыккандыгы айтылган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоодон жабыркаган 3 адам ооруканага жеткирилген. Алар түтүнгө ууланган.

Саламаттыкты сактоо тармагынын Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташполотовдун айтымында, шаардык ооруканага алынып келинген 1954-жылкы аялдын абалы жакшы. Жардам көрсөтүлдү. Ал эми эки жаран облустук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий