• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үстүнө футболдук дарбаза кулаган окуучунун абалы кандай экендиги айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Үстүнө футболдук дарбаза кулаган окуучунун абалы орто, - деп кабарлашты КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү 2008-жылкы бала тез жардам кызматы аркылуу шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. Бала баш-сөөгүнөн ачык жаракат алып, кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизилген.

Эртеси күнү бейтаптын абалы турукташкандан кийин жалпы бөлмөгө которулган. Учурда бала балдар ооруканасында дарыланууда. Абалы орто.

“Бейтап баардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Дайыма дарыгерлердин көзөмөлү алдында болууда”, - деп айтылат маалыматта.


Пикир

Оставить комментарий