• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков: Пробация институтунун натыйжалуу иши кылмыштуулук деңгээлин кыскартуусу күтүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. «Пробация институтунун натыйжалуу иши аркылуу кылмыштуулук деңгээлин кыскартуу күтүлүүдө», - деп Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Пробация департаментинин ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде билдирди.

Белгилей кетсек, бул жаңы институттун маанилүүлүгүн эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы Пробация департаментин Юстиция министрлигине өткөрүп берүүнү Өкмөткө сунуштаган.

Вице-премьер-министр 2019-жылдын башында Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тутумунда түзүлгөн пробация институту 1-сентябрда Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлгөнүн белгиледи.

«Белгилей кетсек, 2019-жылга чейин жазаларды аткаруу тутуму сөзсүз жазага тартуу принцибин ишке ашырууга гана багытталган. Муну менен бирге эркинен ажыратуу жайларында жаза өтөө соттолгондорду түзөтүүнү шарттаган эмес жана кылмыштуулуктун кайталанышын өбөлгөлөгөн. Бирок соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы кылмыш мыйзамдарын гумандаштырууга гана эмес, соттолгон жарандардын – пробация кардарларынын ресоциалдашуу механимздерине өзүнчө орун берүүгө умтулат. Бул таптакыр жаңы институт, ага олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Пробация кардарларына чаралардын топтому колдонулат. Анын ичинде реалдуу түрдө ишке орноштуруудан тартып, кесиптик психологиялык, социалдык жана башка жардамдар бар», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт Пробация департаментин материалдык-техникалык потенциалын өнүктүрүү, татыктуу айлык акы менен камсыз кылуу, кесипкөй кадрларды тартуу боюнча бир кыйла көмөк көрсөтөт.

Жеңиш Разаков ошондой эле пробация кардарларынын маалыматтык базасын тезинен берүүнү жана аны КЖБРда андан аркы интеграциялоону тапшырды.

Мындан тышкары Юстиция министрлигине Пробация департаментине укук коргоо жана сот органдары, Финансы министрлиги, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонду жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ведомстволор аралык максималдуу жардам көрсөтүү тапшырмасы коюлду.

Юстиция министрлиги жакынкы мезгилде пробация институтунун калыптанышы боюнча жол картасын иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий