• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров Москвага жумушчу сапары менен жөнөп кетти

Өкмөт 0

Бишкк, 22.11.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы.

Белгилесек, сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий