• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маморгандар жана жарандык активисттер бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү үчүн биригишти

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековдун журналисттер, блогерлер жана жана жарандык активисттер менен жолугушуусу алар үчүн уюштурулган оперативдүү штабда өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу жүрүшүндө аракеттерди эки багыт боюнча бириктирүү жөнүндө макулдашылган чечим кабыл алынды:

Жолугушуунун жүрүшүндө эки багытта күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашылган чечим кабыл алынды:

- гуманитардык жардамды чогултууда;

- бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүүдө.

"Азыр бири-бирибизди сындап, бөлүнүп-жарыла турган учур эмес. Элибиздин бакубатчылыгы, республиканын бүтүндүгү үчүн биригишибиз керек. Бардыгыңыздарга активдүү атуулдук позицияңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул жерде ар кыл кесиптин жана ар кыл пикирлердин өкүлдөрү чогулду. Бириктирип турган бир нерсе – биз баарыбыз куттуу жерибизде тынчтык жана бейпилдик болушун каалайбыз. Биз диалогго даярбыз жана Баткен облусундагы жарандарыбыз үчүн ушул оор мезгилде биригүүгө чакырабыз”,- деди Дайырбек Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий