• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров АӨБ менен артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Вуну кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, климаттын өзгөрүшү, турак-жай саясаты жана айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун биргелешкен долбоорлорун талкуулашты.

Маектешүүдө, Камбар-Ата №1 ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, бул Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү долбоорлордун бири экенин белгилешти.

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун алдын ала баасы 4,5 миллиард АКШ долларын түзөөрүн баса белгилеп, ресурстарды тартуу үчүн эл аралык инвестициялык форум пландалып жатканын кошумчалады.

Андан ары тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңири талкуулашты.

Бул контекстте тараптар ата мекендик дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын чет өлкөлөргө экспорттоо үчүн шарттарды түзүү жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жагынан колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча күч-аракеттерди топтоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүгө күч-аракет жумшоого макулдашышты.

«Келгиле, тез-тез жолугушалы», - деп сөзүн жыйынтыктаган министрлер кабинетинин башчысы, АӨБ президентин Кыргызстанга келип кетүүгө расмий чакырууну жеткирип коюну өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий