• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте каналга чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бишкекте каналга чөгүп кеткен жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Шабдан Баатыр проспектиси менен Мухтар Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде каналга 1999-жылы туулган К.И. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий