• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү. Сүйүнбек Касмамбетов “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды

Коом 0

Бишкек, 07.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентимишев, белгилүү саясий ишмерлер – аксакалдар Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана башкалар коштоп жүрүштү.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Алардын элесине багышталып куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий