• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун Шапак айылында жаңы ФАП ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Шапак айылына жаңы фельдшер-акушердик (ФАП) пункт салынып, ишке берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуштун жалпы тендердик баасы 4 млн 741 миң сомду түзүп, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Фонддон белгилешкендей, бул каражатка имараттын курулушунан тышкары, сырткы даараткана, очоккана салынып, керектүү эмеректер алынган. Бүгүнкү күндө курулуш толугу менен аяктап, имарат колдонууга берилди.

Фельдшердик-акушердик пунктунун жетекчиси Гүлжан Саданбекованын айтымында, буга чейин атайын медициналык имараттын жоктугунан медиктер 1960-жылы салынган эски имаратта иштеп келишкен.

“Ал жакта толук кандуу шарттар түзүлбөгөндүктөн бир топ кыйынчылыктар жаралып келген. Ал эми жаны имараттын салынышы менен бул көйгөйлөр чечилип, калкты сапаттуу медициналык тейлөөгө шарттар түзүлдү. Фельдшердик-акушердик пункта 3 кызматкер иштеп, 1 миңден ашуун жашоочуну тейлейт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий