• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чарасы Көк-Жаңгак шаарында өткөрүлдү.

Ага Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп окуучулары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Мындан сырткары, жаш өспүрүмдөр арасындагы түшүндүрүү иштери Сузак районунун, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Анда мектеп рекетчилигине, топтошуп мушташууларга бөгөт коюу, зордук-зомбулуктарга жана эрте никеге туруунун терс кесепеттери, жолдо жүрүүдө этият болуп, жол эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий