• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Журналисттер үчүн Токмоктогу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводуна маалыматтык тур уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23./Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” компаниясы ЖМК өкүлдөрү үчүн Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводуна маалыматтык тур уюштурду.

Учурда тесттик режимде иштеп жаткан дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу ушул жылдын августунда ишке киргизилген.

Ишкананын башчысы Александр Сметаниндин айтымында, өндүрүш толук кубаттуулукта ишке киргенден кийин 180ге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөт.

"Материалдарды кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмалары колдонулуп жаткан бул ишкананын ишмердүүлүгү жарактан чыккан дөңгөлөктөрдүн экологияга тийгизген зыянын минималдаштырууга багытталган. Жакынкы арада биз кошумча жабдуулардын келишин күтүп жатабыз. Аларды толук орноштуруп бүткөн соң, дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү боюнча цехти ишке беребиз”, – деди Александр Сметанин.

Белгилей кетсек, завод толук кандуу ишке киргенден кийин саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүүгө мүмкүн болот. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2 миңге чейин чоң, 8 миңге чейин орто жана жеңил көлөмдөгү атайын техникалардын (ири жүк ташуучу, авиация, айыл-чарба ж.б.) дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүгө ылайыкталган. Муну менен "Кумтөр Голд Компанидеги" дөңгөлөктөрдү алмаштырууга кеткен чыгымдарды 30–40 пайызга кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми жарактан чыккан эски дөңгөлөктөр резина күкүмдөрүнө айландырылып, зымдарынан жогорку легирленген болот алынат. Алардан заманбап балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары үчүн керектүү заттарды алуу менен текстиль өндүрүшүндө жана металл иштетүүдө да кайра колдонсо болот.

Маалыматтык турдун жүрүшүндө журналисттер ишканадагы өндүрүш процесси менен таанышып, адистер менен баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий