• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министри Нарын – Баетов унаа жолунун абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын – Баетов унаа жолунун абалы менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр жолду асфальттоо боюнча учурдагы даярдыктар жана иш-пландар менен жеринде таанышты.

Жол куруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын планына ылайык “Капиталдык салымдар” беренсинен каралган акча каражатынын эсебинен «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу-башкармалыгы Нарын – Баетов автожолунда бир катар иштерди аткарды.

Анда, Нарын – Баетов автожолунун 115-120-чакырымынын узундугу 500 метрге, туурасы эки четинен 2 метрге кенейтилген. Жолдун четинен суу агып кетүү үчүн узундугу 660 метр жабык дренаж жасалып, суу өтүүчү түтүктөр 4 жерге орнотулуп, 5000 метрге шагыл төгүлүп жана тапталып жолдун негизи даярдалган. Ал эми 9-14-чакырымында 330 метр, туурасы 5 метрге кеңейтүү иштери, кыянын кырын бийиктиги 6 метрге жапыздатып кесүү жумуштары аткарылган.

Апрель айында жогоруда аталган жол бөлүктөрүндө жолдун негизи асфальт төшөөгө даярдалып жана асфальт төшөө жумуштары «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №1 жол куруу-башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.

2024 -жылы Нарын – Баетов унаа жолунун 26 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий