• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри жарыкты берүүдөгү чектөөлөрдүн себебин түшүндүрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда 5-марттан тарта электр энергиясын берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул Токтогул ГЭСинин 250 мегаваттагы бир агрегатын реабилитациялоо жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр эртең менен кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган маалда гана киргизилиши мүмкүн.

“Токтогул ГЭСиндеги агрегаттар 2021-жылдан бери реабилитацияланып келет. Ар бир жылы бирден агрегатты оңдоп жатабыз. Былтыр 20-февралда эки агрегатты оңдоого берип, анын кубаттуулугу жогорулаган. Быйыл бир агрегатты, 2025-жылы дагы бирди реабилитацияга беребиз. Эгерде өз убагында бул иштерди аткарып албасак, 1-ноябрга чейин агрегаттар оңдоодон өтпөй калып, көйгөй жаралышы мүмкүн", - деди.

Министрдин айтуусуна таянсак, 5-марттан тартып Үч-Коргон ГЭСинде да реконструкция иштери башталды.

"Анын да кубаттуулугу төмөндөйт. Мына ушундан улам электр энергиясын көп пайдаланган маалда аны менен камсыз кылууда чектөөөлөр киргизилиши мүмкүн”, - деп кошумчалады Таалайбек Ибраев.

Министр Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланарын кыйытты. Анын бюджети 100 миллион долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий